Радио

Асангулова: кыргыздын салттуу билимдерин жандандырууга аракет көрүүдөбүз

Дизайнер Айдай Асангулова элечектин түрлөрү аймактарга жараша бөлүнө тургандыгын айтты
Sputnik
Асангулова: кыргыздын салттуу билимдерин жандандырууга аракет көрүүдөбүз

Кыргыздын салттуу билимдерин жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыздын нукуралуулугу унутта калып баратат.

"Биз жасап жаткан иштердин бардыгы кыргыздын салттуу билимдерин жандандырууга арналат. Мисалы, өзүбүз тиккен көйнөктөрдү, элечектерди кийип алып жайлоодо бир ай жашайбыз. Элечектин касиети күчтүү болгондуктан аны кийген аялзат өзүнөн-өзү эле жаман сөздөрдү сүйлөбөй калат", — деди Асангулова.

Ал кыргызда эч убакта баш кийимди белек кылынбаганын кошумчалады.