"Биримдик Аю" көк бөрүнүн сазайын берип, коло байгени илип кетти

Эми саат 14.00дө Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы баш байге үчүн күч сынашат
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Көк бөрү боюнча республикалык мелдеште "Биримдик Аю" "Арашан" командасын 6:1 эсебинде жеңип коло байгеге ээ болду. Аталган команда былтыр да үчүнчү орунду камсыздаган.

Бишкек мэриясы Нооруз майрамына карата программаны жарыялады
Эми саат 14.00дө Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы баш байге үчүн күч сынашат. Беттешти Sputnik Кыргызстан агенттиги ретранслация аркылуу түз алып көрсөтөт.

Мындан сырткары, Нооруз майрамына арналып ат чабыш жана эр эңиш боюнча улуттук оюндар уюштурулган. Ушул эле мелдеш Жалал-Абадда регионалдык деңгээлде өткөрүлүүдө.

Аталган турнир Нооруз майрамы жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп 15-мартта башталган. Анда өлкөнүн жети дубанынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 16 команда ат салышты.