Ош шаарынын делегациясы Анжиянга барып, Ноорузду майрамдап келди

Кадырбаев Анжиян шаарынын жетекчилиги баш болгон делегацияны май айында Ош шаарына чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын Анжиян облусундагы Нооруз майрамына катышып келди. Бул туурасында Ош калаасынын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 4
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын Анжиян облусундагы Нооруз майрамына катышып келди
2 / 4
Ош шаарынан барган топту Анжиян облусунун акими Шухрат Абдурохмонов, Анжиян шаарынын акими Дилмурат Рахматуллаев баш болгон жетекчилер тосуп алышкан
3 / 4
Эки тараптуу жолугушуу жылуу мамиледе башталып, Ош шаарынан барган меймандарды Анжиян шаарынын эли кол чаап күтүп алышты
4 / 4
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Кадырбаев баштаган топ Анжияндын борбордук сейил багындагы көргөзмөгө барган.

"Ош шаарынан барган топту Анжиян облусунун акими Шухрат Абдурохмонов, Анжиян шаарынын акими Дилмурат Рахматуллаев баш болгон жетекчилер тосуп алышкан. Эки тараптуу жолугушуу жылуу мамиледе башталып, Ош шаарынан барган меймандарды Анжиян шаарынын эли кол чаап күтүп алышты", — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда автобустук төрт каттам ачылат
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Кадырбаев баштаган топ Анжияндын борбордук сейил багындагы көргөзмөгө барган. Кол өнөрчүлөрдүн буюмдары жана улуттук даамдар жасалган аллеяга кирип, сүмөлөктөн ооз тийди. Ошондой эле улуттук каада-салтты чагылдырып берген номерлерге күбө болду.

Салтанаттын соңунда эки шаардын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилени мындан ары дагы күчөтүү максатында Ош мэри менен Анжиян шаарынын акими Рахматлулаев меморандумга кол койду.