Нооруз майрамына карата "Ала-Тоо" аянты кандай жасалгаланды. Сүрөт

Майрамдык программа саат 11:00дө башталат
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбордук "Ала-Тоо" аянтын Ноорузга карата жасалгалады.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, "Илбирс" имаратынын аркалары атайын жарык менен кооздолуп, фонтандар тазаланып иретке келтирилди. Ошондой эле Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн Жаш Гвардия проспектисине чейин кооздолду. Андан сырткары калаага түрдүү куттуктоолор илинген.

1 / 6
Бишкек мэриясы борбордук "Ала-Тоо" аянтын Ноорузга карата жасалгалады.
2 / 6
"Илбирс" имаратынын аркалары атайын жарык менен кооздолуп, фонтандар тазаланып иретке келтирилди.
3 / 6
Ошондой эле Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн Жаш Гвардия проспектисине чейин кооздолду. Андан сырткары калаага түрдүү куттуктоолор илинген.
4 / 6
"Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасы борбордук аянттагы сахнанын алдына гүлдөрдү отургузду.
5 / 6
Бүгүн ошондой эле чыгармачыл топтор жалпы репетиция өткөрдү.
6 / 6
21-мартта "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык иш-чаралар концерт менен коштолот.