КСДП фракциясы депутаттарын кезексиз жыйынга чогултууда

Чогулушта эмне маселе каралаары азырынча белгисиз
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп жатканын аталган фракциянын депутаты Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, фракциянын күн тартибине эмне маселе каралаары жазылган эмес.

"Бизди фракциянын кезексиз отурумуна чакырышты. Күн тартибинде кандай маселе бар экендигин билбейм. Айтышкан жок. Эми билебиз да", — деди Алтыбаева.

Ушул эле фракциянын депутаты Дастан Бекешев да күн тартибинде кандай маселе бар экенин билбей тургандыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Азамат Арапбаев кезексиз жыйын саат 16:00дө башталарын маалымдады.