Башкы прокуратура: аткаминерлер бюджетке 800 млн. сом зыян келтирди

Чиновниктер төлөмдөрдү жашырган документтерди эки жыл бою жасап келишкен
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен биргеликте өлкө экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Башкы шектүүлөр катары кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен төрагасы эсептелүүдө.

"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында салык жана бажы тармагында жоопкерчиликтүү кызматтарды ээлеген адамдар коммерциялык структуралардын жетекчилери менен биргеликте коррупциялык байланышты түзгөнү аныкталды. Изилдөө учурунда өкмөткө караштуу кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча комиссия жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барган деп шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Нурлан Өмүркул уулу ТЭЦтеги коррупция тууралуу билген үч кишинин атын атады
Аталган комиссиянын төрагасы экономика министринин орун басары болсо, мүчөлөрү — финансы министринин орун басары, салык кызматынын төрагасынын орун басары, Финансы министрлигинин борбордук казыналык бөлүмүнүн жетекчиси, Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыгынын начальниги, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлү жана 2017-жылдын 3-февралына чейин УКМК башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.

Маалыматта 2016-жылдын январь айынан 2018-жылга чейин комиссия документтерди жасалмалоо менен мамлекеттик бюджетке 847 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылат.

Козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө жүргүзүү иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берилди.