Баткенде милициянын подполковниги 19 кг нашаа алып баратып кармалды

Кармалган адам Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштечү
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Баткен облусунда милициянын подполковниги өз унаасы менен 20 килограммга жакын нашаа алып бараткан жеринен кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

19,7 килограмма гашиша, изъятые у действующего сотрудника СБНОН

19-мартта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Криминалдык милиция, Ички иликтөө кызматы жана Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. 

Удостоверение сотрудника СБНОН, у которого изъяли более 19 кг гашиша

"Ош — Баткен жолунда Honda Inspire үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Ал машинаны Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ага опер кызматкери, милициянын подполковниги А.А. башкарып бара жаткан. Тинтүү учурунда унаанын ичинен 16 баштыкка салынып таңгакталган 19 килограмм 650 грамм нашаа табылды. Анын кызматтык күбөлүгү ошол жерден тартып алынды", — деп айтылат маалыматта.

Задержанный сотрудник СБНОН, у которого изъяли более 19 кг гашиша
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган подполковник Ош облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган кылмышка тиешеси барлар аныкталууда.