Шабдан баатыр көчөсүнүн аталышы эмнеге "7-Апрель" деп өзгөртүлөрү айтылды

Тийиштүү токтом кабыл алынып, процедуралык маселелер чечилгенден кийин көчөнүн аталышы расмий түрдө өзгөртүлөт
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге коомдук уюмдар жолдогон кайрылууга байланыштуу Шабдан баатыр көчөсүн "7-Апрель" деп өзгөртүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынан кабарлашты.

Кечээ, 19-мартта, Бишкек шаардык кеңеши көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө тыюу салган мораторийди узартты. Бирок ага тизмедеги эки көчө кирген эмес:

— Шабдан баатыр көчөсү Чүй проспектисинен Бишкектин түштүгүнө чейинки 8,9 чакырымдык бөлүгү — 7-Апрель деп өзгөртүлдү;

— Чүй проспектисинин чыгыш тарабындагы Ауэзовдон Курманжан датка көчөсүнө чейинки 4,5 чакырымдык бөлүгү — Шабдан баатыр көчөсү деп аталмакчы.

"Көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү эмнеге алып келерин өзүңүздөр билесиздер. Ошого байланыштуу мораторийди узартууну чечтик. Бирок тизмеге жогоруда аталган эки көчөдөн башкасынын бардыгы кирди. Себеби коомдук уюмдар көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү сунуштап экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Ага ылайык, мэр шаардык кеңешке сунуш жиберген болчу", — дешти "Бишкекбашкыархитектурадан".

Бирок ишканадагылар өзгөртүү иш-чаралары кайсы айдан башталарын айта алышкан жок. Чечимди ишке ашыруу үчүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алынып, процедуралык маселелер чечилиши керектиги айтылууда.