Радио

Жумабеков: 100 миң сомдун тегерегинде айлык алам

Ортопед Сабырбек Жумабеков медицина кызматкерлери сегиз жыл окуп, сегиз миң сом айлык алып жатканына ичи күйөрүн айтты.
Sputnik
Жумабеков: 100 миң сомдун тегерегинде айлык алам

Дарыгер өзү министр болуп турганда медиктердин маянасын 1700 сомдон 5 миң сомго көтөргөнүн Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү бир убакта 5 жерде иштеп, 100 миң сомдун тегерегинде айлык алат.

"Мен директор катары 20 миң сом айлык алам. Илимдин доктору катары 1800, академик болгонум үчүн стипендиям 12 миң сом, андан сырткары, төрт жогорку окуу жайында студенттерге лекция окуйм. Ушулардын баары биригип, 100 миң сомдун тегерегинде болот", — деди Жумабеков.

Ал медиктердин маянасын көбөйтмөйүн, бул тармактагы коррупцияны жоюу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.