ЖМК: Анжелина Жоли британиялык миллионерге турмушка чыгат

Басылманын жазышынча алар бир жылдан бери сүйлөшүп жүрөт
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Белгилүү голливуд актрисасы Анжелина Жоли турмушка чыгууга даярданып жатканын Life&Style журналы киножылдыздын досторуна таянуу менен жазды.

Жоли британиялык миллионерге турмушка чыгат. Аларды актер Жордж Клунинин аялы Амаль тааныштырган. Болочок жолдошунун аты ким экени азырынча белгисиз.

"Анжелина аны аябай сүйөт, ушуну менен төртүнчү жолу турмушка чыгат. Актриса турмуш куруу сунушун өзү киргизди", — деп анын достору билдирген.

Мамкаттоо кыргызстандык канча жаран кытайлыктар менен үй-бүлө курганын айтты
Басылманын жазышынча алар бир жылдан бери сүйлөшүп жүрөт.

Анжелина Жоли эгер турмушка чыкса, төртүнчү жолу нике шакегин тагынат. Буга чейин актриса — Жонни Ли Миллер, Билли Боб Торнтон жана Брэд Питтке турмушка чыккан болчу.

Ал арада Брэд Питт дагы өзүнүн жашоосуна өзгөртүү киргизип, Монако ханайымын жандап баштаганы боюнча маалымат тараган.