Советтик Кыргызстандын кызы азыркы Бишкекте. Сүрөттөр

Sputnik

Автор — Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде көркөм өнөр боюнча билим алып жаткан жаш фотограф Айдана Иманкулова.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде долбоорду өзү билим алган окуу жайдагы сынакка катышуу үчүн иштеп чыккандыгын айтты.

"Көптөн бери тээ мурдагы мезгилдерге, ата-энемдин жаш кезиндеги учурларга баш баксам деп ойлоп жүргөм. Мектепти айылдан бүтүп борборго жаңы келгени, көп нерсеге таңгалып, шаардан алган таасирлери кандай болгону мен үчүн абдан кызык жана баалуу. Менин ошол кезди чагылдырып берүү туурасындагы оюм – биздин окуу жайдагы "Бишкектеги жашоо" деп аталган долбоордо ишке ашты", — деп айтты Иманкулова.

Бул сүрөттөрү жаратууга болгону бир күн кеткен. Андагы башкы каарман, сүрөтчүнүн курбусу Айдана аттуу кыз болгон.

1 / 10
Айдана Иманкулова көптөн бери ата-энесинин жаш кезине саякаттагысы келип жүргөн
2 / 10
Сүрөтчүнүн советтик кезди чагылдырып берүү кыялы "Бишкектеги жашоо" долбоорунда ишке ашкан
3 / 10
Башкы каарман мурдагы жашоодон азыркы заманбап мезгилге "көчүп келген" жакшынакай кыз
4 / 10
Азыркы учур. Агылган элдин арасында кызыл чыптама, ак көйнөк кийип, колуна чемодан көтөргөн кызды сырттан байкабай коюуга мүмкүн эмес
5 / 10
Селфи кылып жаткан селкилер жана китеп окуп отурган кыз. Баалуулуктар...
6 / 10
Советтик кыз азыркы жаштардын арасынан табигыйлыкты табууга аракет кылат
7 / 10
Долбоордун авторлору бул жерге келип сүрөт тартпай кое алмак эмес. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында. Бул Советтик Кыргызстандын интеллигент жаштарынын изи калган жай
8 / 10
Филармониянын алдындагы ак көйнөкчөн селки. Анын артында окуу жайлардын флагманы Улуттук университетет бар
9 / 10
Кызык, ал кезде китептер ушинтип сатылчу бекен... Булардын көбү совет мезгилиндеги китептер
10 / 10
Совет мезгилинде "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн алдына сүрөттөгүдөй тулпарлар жок эле. Заман бир ордунда турбайт...