Салык декларациясы бүгүндөн тарта түн ортосуна чейин кабыл алына баштайт

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Салык органдары бүгүн, 19-марттан тарта, бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштайт. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кызмат дем алыш жана майрам күндөрдү кошкондо эртең менен саат 9.00дөн түн ортосуна чейин иштейт.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери, мүлк объектилери, экономикалык ишмердиги тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Бюджеттен уурдалган 217 млн. сом: кармалган салыкчылар иштен алынды
Аталган мөөнөткө чейин бирдиктүү салык декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердигин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кошумча суроолор жаралса 194 номуруна кайрылууга болот.