Путин алдын ала маалымат боюнча элдин 76,66 пайыз добушун алды

Путин үчүн шайлоочулардын 55 миллион 403 миң 971и добуш берген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар — Sputnik. Владимир Путин аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун 99 пайызын саноонун жыйынтыгында 76,66 добуш алганы айтылды. Бул туурасында РИА Новости РФтин БШКсына таянып кабарлады

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди жеңиши менен куттуктады
Бул аймактарда саналган маалыматтар "Шайлоо" деп аталган мамлекеттик автоматтык системага киргизилген.

Борбордук шайлоо комиссиясынан Россия лидери өзүнүн саясий карьерасында шайлоочулардын рекорддук колдоосуна татыган. Ал үчүн 54,4 миллион шайлоочу добуш берген.Маалыматта бул 2004-жылга караганда 5,1 миллионго көп деп айтылат. Добуш алуу боюнча атаандаштарынын арасынан алда канча алдыга озгон.

Маалыматтарга караганда Путин үчүн шайлоочулардын 76,3 пайызы добуш берген. Экинчи болуп 11,9 пайыз менен Павел Грудинин, үчүнчү орунга Владимир Жириновский (ЛДПР) 6 пайыз менен чыккан. Ал эми Ксения Собчактыкы 2,5 пайыз деп айтылды.

Эске салсак, 2017-жылдын 18-мартында Россияда президенттик шайлоо өттү. 

Выборы президента России — 2018