Чүйдө поезд 15 метрге чейин сүйрөп барган өспүрүм ооруканада каза тапты

Каргаша 17-март күнү болгон
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек — Мерке каттамы менен бараткан поезд илип кетип 15 метрге чейин сүйрөп барган өспүрүм ооруканада каза болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абадда кой айдап бараткан киши унаа алдында калып каза болду
Каргаша 17-март күнү Чүй облусунда болгон. Шашылыш токтоткондон кийин машинист менен коштоочулар баланы вагонго алып кирип, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Кара-Балта шаарынан жабырлануучуну Тез жардам кызматынын дарыгерлери күтүп алган.

Өспүрүм көптөгөн жаракат алып, баш сөөгү сынып кеткен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду, учурда тергөө жүрүп жатат.