Новиков: Кыргызстан адал продукцияларды экспорттоого камынып жатат

Адал продукциянын рыногу жүздөгөн миллиард долларга бааланууда
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстан 1,1 триллион долларлык адал продукциянын рыногуна кирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу экономика министри Артем Новиков Бишкекте өткөн ислам стандарттары боюнча ыктыярдуу сертификат алуу системасы боюнча тегерек стол учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, эл аралык изилдөөчүлөрдүн маалыматына карай турган болсок, адал продукция менен кызматтардын рыногу 1,1 триллион долларды түзөт. Мисалы Россия аталган продукцияларды керектөө боюнча алтынчы орунда турса, Казакстан дагы мындай азык-түлүктөрдү аз эмес көлөмдө сатып алат. Ал эми Тажикстан адал стандартка төп келбеген эт продукцияларын импорттоодон такыр эле баш тартып койгон.

"Кыргызстан четте карап турбашы керек. Бул рынокту колдонуу менен өзүбүздүн продукцияларды алдыга чыгарышыбыз зарыл. Иранга адал стандартына төп келген 500 тонна кой этин жеткирүү келишими түзүлгөн. Учурда анын 56 тоннасы кетти. Өлкөдө жалпы 12 ишкананын сертификаттары бар", — деди министр.

Кыргызстандын дагы 15 ишканасы Казакстанга продукция киргизет. Тизме
Новиковдун айтымында, Кыргызстан адал стандарттарына туура келгидей кылып продукцияларга өз калоо менен сертификат алуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүгө даяр.

"Маркировка системасы аркылуу товар эмнеден жасалганын, сатып алуучунун колуна келгенге чейин кандай жолду басып өткөнүн билүүгө болот. Мындай нерсе керектөөчүлөрдүн ден соолугуна кам көрүүгө шарт түзөт", — деп министр белгиледи.

Ал ошондой эле сертификаттоо иши менен атайын орган алектенерин кошумчалады.