Бишкекте Чүй менен Шабдан баатыр көчөлөрүнөн башкасынын аты өзгөртүлбөйт

Эки көчөдөн башкасынын аталышы 2028-жылга чейин алмаштырылбайт
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары борбор калаадагы көчөлөрдүн аталышын которууга 2028-жылга чейин тыюу салган мораторий кабыл алышты. Бул тууралуу аталган кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Быйыл оңдоло турган Бишкек шаарындагы жолдор. Карта
Мындай чечим кезектеги отурумда кабыл алынган. Калаадагы бардык көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө тыюу салган документке эки көчө киргизилген жок. Алар Чүй проспектиси менен Шабдан Баатыр көчөсү. Документте Чүй проспектисинин Ауэзовдон Курманжан датка көчөсүнө чейин бөлүгүн Шабдан баатыр, ал эми Шабдан баатыр көчөсүнүн Чүй проспектисинен шаардын түштүгүнө чейин 7-апрель деп атоо сунушталган.

"Бул көчөлөрдүн аты мэрия сунуш киргизген маалда гана өзгөртүлөт. Азыр мындай чечим кабыл алынган жок", — деп түшүндүрүштү шаардык кеңештен.

Документ талкуусуз кабыл алынган.