Бишкекте дуатлон боюнча калаа биринчилиги өтөт

Анда чоңдор менен өспүрүмдөр түрдүү аралыкта ат салышат
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Борбор калаада дуатлон боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Триатлон федерациясы кабарлады.

Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
Маалыматка ылайык, мелдеш 30-апрелде болот. Анда чоңдор беш чакырым чуркап, 20 чакырым велосипед тээп, кайра 2,5 чакырымды жөө басып өтүшөт.

Ал эми өспүрүмдөр 2,5-1,25 чакырымга чуркап, сегиз чакырым аралыкты велосипед менен багындырышат.

Спорттук иш-чараны мэрия менен аталган спорттун түрү боюнча федерация уюштурууда.

Каалоочулар www.triathlon.kg сайты аркылуу каттоодон өтө алышат.