Алыштан алын сынаган балбандар. Кыргызстандыктар 18 медаль алды

Алыш күрөшү боюнча чоңдор арасындагы мелдешке 12 өлкөнүн атынан 76 спортчу катышты
Sputnik

БИШКЕК, 19 мар — Sputnik. Баяман Эркинбаевдин элесине арналган алыш боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 18 медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш 17-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн. Анда Кыргызстандын алыш боюнча курама командасы 6 алтын, 5 күмүш, 7 коло байгеге ээ болду. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

1 / 2
Баяман Эркинбаевдин элесине арналган алыш боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 18 медалга ээ болду.
2 / 2
Мелдеш 17-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн.

Мелдештин ачылышына вице-премьерлер Дайыр Кенекеев жана Чолпон Султанбекова, Эл аралык күрөш түрлөрү бирикмесинини президенти (FILA) Гинтаутас Вилейта, КРдин Алыш федерациясынын президенти Акылбек Эшимов жана улуттук спорт боюнча дирекциянын жетекчиси Токсонбай Асанов катышты.

Турнир Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) эрежеси менен өтүп, балдар менен кыздар алты салмак категориясында күч сынашты.

Чоңдор арасындагы мелдешке 12 өлкөнүн атынан 76 спортчу катышты.

Байгеге ээ болгон кыргызстандык балбандардын тизмеси:

60 килограммга чейин
Марлен Абдурасулов — күмүш;
Эрланбек Мурзабеков — коло;

70 килограммга чейин
Шаршеналы уулу Мадаминбек — күмүш;
Жаныбек уулу Үсөн — коло;
Элдияр Сексенбаев — коло;

80 килограммга чейин
Мырзабек Кочкоров — алтын;
Каримжан уулу Жылдызбек — күмүш;
Руслан Табалдиев — коло;

90 килограммга чейин
Чыңгыз Чалабаев — алтын;
Сапармурат уулу Нурмамат — коло;

100 килограммга чейин
Кадыр Келсинбеков — алтын;
55 килограммга чейин
Анара Рыскулова — күмүш;

60 килограммга чейин
Мээрим Момунова — күмүш;
Күмүшай Аттокур кызы — коло;

65 килограммга чейин
Бактияр кызы Нурзат — алтын;

70 килограммга чейин
Алибай кызы Уулкан — коло;

75 килограммга чейин
Мамарасул кызы Алтынай — алтын;

75 килограммдан өйдө
Нагира Сарбашева — алтын;

Кыргыздын канына сиңген кыргыз күрөшүнүн эрежелери менен таанышып алыңыз.