Апта ирмеми: баштыкка салынган наристеден тарта ылай кечкен кыздарга чейин

Sputnik

Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан) башчыларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Ал эми Түркмөнстандын атынан межлистин төрагасы Акджа Нурбердыева барды.

АКШнын Техас штатында калдыркандуу жыландардын фестивалы өттү.

Пхенчханда (Түштүк Корея) Паралимпиада — 2018 оюндары аяктады.

Гутанын чыгышынан (Сирия) жарандар көчүрүлдү.

Жылмайган, тиктешкен, колтукташкан ажолор. Астанадагы жолугушуудан ирмемдер
Майамиде (АКШ) эл аралык университеттин жанындагы жөө адамдар үчүн курулган көпүрө урап түштү. Анын алдында ондогон унаалар калып, алты киши көз жумган.

Москвада (Россия) Mercedes-Benz Fashion Week Russia мода жумалыгы өттү.

Бишкектик моделдер бийликтин көңүлүн буруу үчүн баткак көчөлөрдөн сүрөткө түштү.

Россиянын учурдагы башчысы Владимир Путин президенттик шайлоодо жарандардын 76,6 пайыз добушуна ээ болду (маалымат эсептелген 99,75 пайыз бюллетендин негизинде берилген).

Ангела Меркель төртүнчү ирет Германиянын канцлери болду.

Москвадагы А.П.Чехов атындагы Москва көркөм театрында актер жана режиссер Олег Табаков менен коштошуу зыйнаты өттү.

1 / 24
Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жумушчу жолугушуусу өттү— Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан. Ал эми Түркмөнстандын атынан межлистин төрагасы Акджа Нурбердыева барды.
Сүрөттө Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев Астанадагы Өзбекстандын күнүнө арналган концерттик программа учурунда.
2 / 24
№4 шаардык оорукананын аймагындагы баткактан улам айлана-чөйрө сазга айланып калгандай. Мындай көрүнүшкө ата мекендик клиптерге тартылган Айсулуу Молдалиева күбө болуп кайтты.
3 / 24
Лолиталар Токиодогу Харадзюку соода аймагында сүрөткө түшүп жатышат
4 / 24
Филиппиндеги Кесон-Сити көңүл ачуу борбору
5 / 24
Мексиканын жээгиндеги кит
6 / 24
Индиялык жумушчу Калькуттада товарды рикша менен ташып баратат
7 / 24
Канадалык спортчу Марк Арендз Пхенчханда өткөн кышкы Паралимпиадалык оюндарда биатлон боюнча жарышка катышты
8 / 24
Жеткинчек Техас штатындагы жыландардын фестивалында
9 / 24
Чыгыш Гутадан (Сирия) элди эвакуациялоо
10 / 24
Майамиде (АКШ) эл аралык университеттин жанындагы жөө адамдар үчүн курулган көпүрө урап түштү. Анын алдында ондогон унаалар калып, алты киши көз жумган
11 / 24
Түндүк Норвегиянын Унстад аймагында таштай муздак сууга түшүп жаткан селки
12 / 24
Петропавловск-Камчатскийдеги (Россия) суу жээгиндеги сивуч (тюлень)
13 / 24
Ненец автономдук округундагы президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добушун берип жаткандар
14 / 24
Москвада (Россия) Mercedes-Benz Fashion Week Russia мода жумалыгы өттү
15 / 24
Табуктагы (Сауд Аравиясы) трассада автоунаа менен трюк көрсөтүштү
16 / 24
Афинада (Греция) полиция каршылык акциясына чыккандарды кармап кетти
17 / 24
Тель-Авивде ылай сууда чуркагандардын жарышы өттү. Катышуучулар 10 чакырым аралыкты ар кандай тоскоолдуктарга карабастан басып өтүшү керек
18 / 24
Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлинде (Германия) коалициялык келишимге кол коюлгандан кийин
19 / 24
Чыгыш Гутадагы (Сирия) таш-талканы чыккан көчө
20 / 24
Балет артисти Надежда Иванова Москвадагы А.П. Чехов атындагы Мамлекеттик академиялык театрында "Надя и рыбак. Сюита" балетиндеги Наяданын ролун жаратуу учурунда
21 / 24
Глостершир графствасындагы (Англия) Челтнем курорттук шаарчасында өткөн ат чабышка келген коноктор
22 / 24
Москвада (Россия) өткөн Mercedes-Benz Fashion Week Russia мода жумалыгында модель Speranza Couture брендинин кийимин көрсөтүүдө
23 / 24
Россиянын президенти Владимир Путин Москвадагы А.П. Чехов атындагы Мамлекеттик академиялык театрында актер жана режиссер Олег Табаковду акыркы сапарга узатуу зыйнатында
24 / 24
Россиянын учурдагы башчысы Владимир Путин президенттик шайлоодо жарандардын 76,6 пайыз добушуна ээ болду (маалымат эсептелген 99,75 пайыз бюллетендин негизинде берилген)