WhatsApp тиркемеси жашоону жеңилдетчү үч жаңы функцияга ээ болду

Саамалыкты эл пайдалана баштады
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. WhatsApp тиркемеси жаңы үч функция менен жаңыланды.

Эми Instagram тиркемесинде WhatsApp сыяктуу видео жана аудио чалуу пайда болот
Саамалык Android пайдалануучуларына тиркемедеги тайпалар үчүн сүрөттөөнү кошууга жол ачат. Ал жаңы кишилерди чакыруу аркылуу кошууда көрүнөт.

Мындан тышкары, Android үчүн WhatsApp тайпа катышуучуларынын арасында ошол тайпа тууралуу маалымат ичинен издөө мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Бул топ менен тыгыз байланышкан эки функция WhatsApp тиркемесинин жаңыланган версиясына кирет. Анда Android пайдалануучулары сүйлөшүп жатып видео баскычын басуу менен видео чалууга оңой өтүп кетет.

Саамалыкты учурда эл пайдалана баштады.