"Саякбай" тасмасы Казань шаарында өтчү фестивалга катышат

Иш-чарада Кыргызстандан тышкары Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстандын тасмалары көрсөтүлөт
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы Татарстандын Казань шаарында 21-25-март күндөрү өтө турган Түрк кинолорунун эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Кыргыз киносу менен бирге иш-чаранын катышуучулары Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстандын тасмаларын көрө алат.

Маалыматка караганда, фестивалдын негизги максаты — тарыхты тасма аркылуу көрсөтүү.

"Фестивалда жеңиүүчүлөр аныкталып, байге берилбейт. Режиссерлор үчүн негизги байге зал толо эл болот", — деп айтылат маалыматта.

Тасмаларды болушунча көбүрөөк эл көрсүн деп тилек кылган уюштуруучулар аны көчмө фестиваль кылууну чечишкен. Мындан улам эмки жылкы иш-чара башка мамлекетте өткөрүлмөкчү.