Көк бөрү боюнча өлкөнүн мыкты төрт камандасы жарым финалда беттешет

Нооруз майрамына карата уюштурулган республикалык мелдешке жети дубандан жана Бишкек, Ош шаарынан келген 16 команда катышкан
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. 19-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча төрт команда жарым финалда беттешет.

Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
Аталган турнир Нооруз майрамы жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп 15-мартта башталган. Анда өлкөнүн жети дубанынан жана Бишкек, Ош шаарынан келген 16 команда ат салышты.

Жарым финалда саат 12.00дө "Ынтымак" менен "Биримдик Аю", саат 13.30да "Достук" менен "Арашан" командалары беттешет. Жеңген командалар баш байге үчүн таймашса, жеңилген командалар үчүнчү-төртүнчү орун үчүн күч сынашат.

Жарым финалга чыккан командалар буга чейин эки оюн өткөзүп атаандаштарынан оозуп чыгышкан. "Ынтымак" комнадасы "Келечекти" 6:0 эсеби менен "Толкунду" 8:1 эсеп менен жеңген.

"Биримдик Аю" болсо "Долонду" 7:0, "Мурасты" 7:3 эсеби менен уткан.

"Достук" командасы "Эмгек талааны" 13:2, "Көк-Жалды" 14:3 эсеп менен артта калтырган.

"Арашан" болсо "Илбирс" (12:1) менен "Сары-Өзөндү" (1:0) уткан.

Мындан сырткары, Нооруз майрамына арналып ат чабыш жана эр эңиш боюнча улуттук оюндар уюштурулган. Ушул эле мелдеш Жалал-Абадда регионалдык деңгээлде өткөрүлүүдө.

Мелдешке Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция 2 миллион 890 миң сом бөлуп, анын 1 миллион 250 миң сому байге фондун түзөт.