БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы эмерек дүкөндөрүнүн биринде эркек киши сатуучулары менен мушташа кеткен. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 4-март күнү болжол менен саат 16.30 ларда болгон. Жабыркаган соодагер милицияга арыз менен кайрылып, анын негизинде тергөөчү кол салган кишини суракка алган.
"Анын айтымында, сатуучу анын жубайына орой мамиле жасаган. Келинчегине болушуп, дүкөн кызматкерин бир нече ирет уруп жиберген. Бул факты бейбашчылык катары каттоого алынды", — дешти милициядан.
Ур-токмок дүкөндөгү көзөмөл камерасына түшүп калган да, видео Youtube каналына жайгаштырылган. Андан бир эркек киши экинчи адамды аял менен кичинекей кыздын көзүнчө уруп жатканын көрүүгө болот. Алдын ала маалымат боюнча булар сабап жаткан кишинин жубайы менен кызы.