Кош келиңиз! "Ош" аба майданында жүргүнчүлөрдү кабыл алган жаңы зал ачылды

Жаңы зал бир учурда 2-3 авиакаттамдын жүргүнчүлөрүн кабыл ала алат. Жалпы өндүрүштүк аянты 2000 чарчы метр
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков "Ош" эл аралык аэропортундагы учуп келген жүргүнчүлөр үчүн жаңы залдын ачылыш салтанатына катышты.

1 / 4
Премьер-министр Сапар Исаков "Ош" эл аралык аэропортундагы учуп келген жүргүнчүлөр үчүн жаңы залдын ачылыш салтанатына катышты
2 / 4
Өкмөт башчы мындай инфраструктуралык объектилердин курулушу өлкөнүн өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналарын айтып, жаңы орнотулган "Электрондук дарбаза" (E-gate) аппараттык-программалык комплексинин иштешин сынап көрдү
3 / 4
Маалыматтарга караганда, учуп келгендерди кабыл алуу залынын ачылышы "Ош" эл аралык аэропортунун учурдагы аэровокзалдык комплексинин имаратын кеңейтүү эсебинен жүргүзүлдү
4 / 4
Жаңы зал бир учурда 2-3 авиакаттамдын жүргүнчүлөрүн кабыл ала алат. Жалпы өндүрүштүк аянты 2000 чарчы метр.

Кыргызстанда 11 аэропорт иштейт, бирок көбүнө учак конбойт
Өкмөт башчы мындай инфраструктуралык объектилердин курулушу өлкөнүн өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналарын айтып, жаңы орнотулган "Электрондук дарбаза" (E-gate) аппараттык-программалык комплексинин иштешин сынап көрдү.

Маалыматтарга караганда, учуп келгендерди кабыл алуу залынын ачылышы "Ош" эл аралык аэропортунун учурдагы аэровокзалдык комплексинин имаратын кеңейтүү эсебинен жүргүзүлдү. Жаңы зал бир учурда 2-3 авиакаттамдын жүргүнчүлөрүн кабыл ала алат. Жалпы өндүрүштүк аянты 2000 чарчы метр.

"Бүгүнкү күндө кеңейтүү иштеринен соң аэровокзалдык комплекстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 550-600 жүргүнчүнү түзүп жатат ", — деп айтты ал.

Буга чейин Бишкектен Баткенге сапар алган учак орто жолдон кайтып келип, окуяга учактын кыймылдаткычынын бузуктугу себеп болгон.