Сапар Исаков Аксы окуясынын курмандыктарын Боспиекте эскерди

Премьер-министр элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөстүгүн белгиледи
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн Боспиек айылына баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 4
Премьер-министр Сапар Исаков Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн Боспиек айылына баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти
2 / 4
Исаков 2002-жылы дал ошол жерде авторитардык бийликтин карапайым калкка ок жаадырганына токтолду
3 / 4
Сөзүнүн аягында премьер-министр элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөстүгүн белгилеп өттү
4 / 4
Эскерүү иш-чарасына президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев дагы катышты.

Исаков 2002-жылы дал ошол жерде авторитардык бийликтин карапайым калкка ок жаадырганына токтолду.

"Бүгүн мамлекеттин келечеги үчүн курман болгон эр-азаматтарды эскерип отурабыз. Алар сырткы душмандын колунан эмес, бийликтин колунан каза табышкан. Өзүбүздүн бийликтин өз элине каршы чыккандыгы баарыбызды катуу өкүндүрөт", — деди өкмөт башчы.

Сөзүнүн аягында премьер-министр элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөстүгүн белгилеп өттү.

Эскерүү иш-чарасына президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев дагы катышты.