Бишкекте Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктары эскерилди. Сүрөт

Эскерүүгө 300гө чукул киши катышты
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы "Медиафорум" аймагында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларынын курмандыктарын эскерүү болду.

1 / 3
Борбор калаадагы "Медиафорум" аймагында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларынын курмандыктарын эскерүү болду
2 / 3
Иш-чараны "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү уюштурган
3 / 3
Митингге 300гө чукул адам катышты. Алар негизинен Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарынын туугандары, тааныштары болду.

Иш-чараны "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү уюштурган.

Митингге 300гө чукул адам катышты. Алар негизинен Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарынын туугандары, тааныштары болду.

Каза болгондордун арбагына багыштап куран окулду. Чыгып сүйлөгөндөр курман болгондор үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы туруп, ал тургай өмүрүн бергендигин айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясынын 16 жылдыгына карата элге кайрылуу жасады.