Ашкере сындан улам КТРК "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсүн жапты

Ашкере сындан улам КТРК "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсүн жапты
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. КТРКнын "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсү эфирге чыкпай турган болду. Бул туурасында телеканалдын директору Илим Карыпбеков Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

Буга чейин "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсүнө конокко барган ырчы Клара Алибекова жана "Чыпалак баатыр" боюнча видео интернет булактарында катуу сынга алынган.

"Клара Алибекова жөнүндө көрсөтүү бир жылдан ашык мурда болгон экен. Бирок бул көрсөтүүнү жана "Чыпалак баатыр" жөнүндө болгон окуяны мен дагы туура эмес, этикалык көрүнүштүн чегинен чыгып кеткен деп кабыл алып, жана дагы башка көптөгөн көрөрмандардын сын-пикирин эске алуу менен "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсүн токтотуу боюнча чечим кабыл алдым", — деп жазган Карыпбеков.

"Келин" долбоорун эфирден алып салуу керекпи? Берүү боюнча 6 пикир
Билдирүүдө тартылып, эфирге даярдалып калган көрсөтүүлөрүн дыкаттык менен каралып, эфирге чыгарылары айтылат. Карыпбеков көрсөтүүнүн концепциясын, алып баруучуларын кайра карап чыгып, көркөм кеңештин кароосуна жөнөтүлүүсү сунушталганын кошумчалады.

Соңунда телеканалдын директору конструктивдүү сын-пикир берип, көрсөтүүлөрдүн жакшыруусуна чоң салым кошуп жаткан көрөмандарына ыраазычылык билдирген.