Беш миң доллар пара талап кылган финполчунун кармалышы. Видео

Бүгүн УКМК Финансы полициясынын кытай жаранынан беш миң доллар талап кылган кызматкерин кармады
Sputnik

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын өкүлү 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдиришкен.

Кармалган жаран кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биргеликте кытай жаранынан анын мурдагы бизнес-өнөктөшү берген арызды кароону токтотом деп 15 миң доллар пара талап кылган.

"Алынган маалыматка ылайык, арызды жазган өнөктөштөрдүн кылмыштуу топко тийиштиги бар. Ага чейин ишкердин бизнесинин жарымын басып алууга аракеттерди көргөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси ("Акча талап кылуу") жана 313-беренеси ("Кызматта туруп акча талап кылуу") менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.