Жолду туура эмес жерден кесип өткөн жөө адамдарга жаза күчөтүлөт

Жол эрежесин бузган жөө адамдар эми паспортум жанымда жок болчу деп кутулуп кете албайт. Жанында ким экенин аныктай турчу документтери жок кишилер жакынкы милиция бөлүмүнө алып келинет
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Борбор калаада жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө жаза күчөтүлөрүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол эрежесин бузгандарга жеринен жаза берилет. Мындай аракеттер элдин жол кырсыгына кабылуусун азайтуу максатында жасалууда.

"Кары адамдарга эскертүү берилсе, калгандарга тийиштүү чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Милиция ошондой эле жолду туура эмес жерден кесип өтүп бараткандар эч нерсе болбойт деп ойлой турганын, бирок иш жүзүндө жол кырсыгына себепкер болуп жатканын кошумчалады.

Инспектор жол эрежесин бузган кесиптешин айыпка жыкты. Видео
"Туура эмес жерден өтүп бараткандарды коюп албоо үчүн айдоочулар такай эле машинаны токтотууга жетишпейт. Жол эрежесин бузган жөө адамдар шашып баратканын шылтоолойт", — деп милициядан билдиришти.

Жол эрежесин бузган жөө адамдар эми паспортум жанымда жок болчу деп кутулуп кете албайт. Жанында ким экенин аныктай турчу документтери жок кишилер жакынкы милиция бөлүмүнө алып келинет.

Статистика боюнча былтыр Бишкек шаарында эле жөө адамды коюп кеткен учур 54,4 пайызга көп катталган. 2017-жылы борбор калаада 1236 кишини автоунаа сүзүп, 34 киши каза болгон. 1537 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Буга чейин жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө айып салына баштаган болчу.