Кытай ишкеринен 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен финполчу кармалды

Пара талап кылган мамлекеттик кызматкер кылмыштуу топ менен биригип алып мыйзамсыз иштерди жасаган
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын өкүлү 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жаран кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биргеликте кытай жаранынан анын мурдагы бизнес-өнөктөшү берген арызды кароону токтотом деп 15 миң доллар пара талап кылган.

"Алынган маалыматка ылайык, арызды жазган өнөктөштөрдүн кылмыштуу топко тийиштиги бар. Ага чейин ишкердин бизнесинин жарымын басып алууга аракеттерди көргөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси ("Акча талап кылуу") жана 313-беренеси ("Кызматта туруп акча талап кылуу") менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бул кылмыш ишине тийиштиги бар башка кишилерди табуу боюнча аракеттер көрүлүүдө.