Ишемби күнүнө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ноорузда аба ырайы кандай болорун синоптиктер айтып беришти
Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Аба ырайы Чүй, Талас жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 9…14 градус, Ысык-Көлдө 2…7, Нарын аймагында 0…5 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 12…13 градус нөлдөн жогору болору күтүлүүдө.