Индияда бука аялды асманга челип ыргытты. Жүрөк үшүн алган окуянын видеосу

Өлкөнүн өкмөтү үй жаныбарларын касапканага сатууга тыюу салгандан бери көчөдө бош жүргөн мал бир топ көйгөй жаратууда
Sputnik

Индиянын Бхаруха шаарында бука аялды асманга ыргыта челип салганын CGNT телеканалы маалымдады. Жүрөк үшүн алган окуя камерага түшүп калган.

Сауд Аравияда фестиваль учурунда арстан мектеп окуучуларына кол салды
Андан көчөдө бейкапар кетип бараткан аялды бука келип челип, андан ары басып кеткенин көрүүгө болот. Жабыркаган аялга эл чуркап келип жардам берип, ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша өмүргө коркунуч алып келе тургандай жаракат алган эмес.

Өкмөт бодо малды касапканага сатууга тыюу салгандан кийин эл карыган малды карабай көчөгө таштап салган. Бул өз кезегинде бир топ көйгөй жаратып жатканын жергиликтүү тургундар бир ооздон айтышууда.