Фермерлер текшерилген уруктарды себиши керек. Бул тууралуу Нурбек Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фермерлер өздөрү сепкен үрөндүн уругун колдонуп, көп пайда көрө албай жатышат.
"Айыл чарбада үрөнчүлүктү пайдалануу боюнча өкмөт уруктарга кеткен чыгымдын 30 пайызын төлөп берүү демилгесин карап жатат. Ушул маселе иш жүзүнө ашып калса, фермерлер үчүн бир топ жеңилдиктер болмок. Себеби дыйкандар буга чейин үйүндө өстүргөн урукту кайра эле сээп, түшүмдү аз алып калышчу. Ар бир фермер текшерилген үрөндү себиши керек", — деди Малабаев.
Ал жер-жерлерде дыйкандар үчүн семинарлар уюштурулуп жаткандыгын кошумчалады.