Бишкек менен Оштогу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагалары шайланды

13-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек менен Ош шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жаңылаган
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкек менен Оштогу аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагалары шайланганын Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы болуп Кайрат Маматов, Ош шаарына Абдижалил Муратов шайланды. Жаңы төрагалар бир добуштан шайланган.

Айыл өкмөт менен мэрди шайлоо өзгөрмөй болду. Жаңы мыйзамдын жагдайы
Андан сырткары Бишкек АШКтын катчысы болуп Ольга Щербинина, Ошко Бактыгүл Топчубаева келди.

13-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек менен Ош шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жаңылаган.

"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен катчысы комиссиянын биринчи жыйынында мүчөлөр тарабынан шайланат.