БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Кара-Көлдөгү бөлүмүндө иштегендер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, документ жасалмалоо жана жеке нотариустардын кызматынын аша чапкандык менен пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Нотариус жашы жете элек жаранды билип туруп, анын атына үч машинаны каттаган. Кийин ал автокөлүктөргө мамлекеттик кызматкерлер мыйзамсыз түрдө номер беришкен.
"Текшерүү учурунда жашы жете элек адам автоунаа сатып алуу боюнча эч кандай документке кол койбогонун жана машина алуу үчүн чет жакка чыкпаганын билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Анын кесепетинен автоунааларды алып кирүүдө бажы төлөмдөрү төгүлбөй, мамлекетке 16 миллион сомдук зыян келген.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.