Жылмайган, тиктешкен, колтукташкан ажолор. Астанадагы жолугушуудан ирмемдер

Sputnik

Президенттер эркин транзиттик аймактарды түзүү маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбековдун сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчыларынын жолугушуусу кандай өткөнүн сүрөткө тартып алган. Анда президенттердин жүзүндөгү жылмаюу жана башка эмоцияларын көрүүгө болот.

1 / 12
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 15-мартта Астанага келди
2 / 12
Казакстандын борбор калаасында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультациялык биринчи жолугушуусу өттү
3 / 12
Астананын эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбековду Казакстандын вице-премьери Аскар Жумагалиев тосуп алды
4 / 12
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу
5 / 12
Назарбаев акыркы жолу жолугушкандан кийин Бишкек менен Астана эки тараптуу бир катар маселелерди чечкенин кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков Казакстанга акыркы жолу расмий сапары менен 25-26-декабрда барган
6 / 12
Жолугушууга төрт мамлекеттин президенттери — Сооронбай Жээнбеков, Нурсултан Назарбаев, Эмомоли Рахмон жана Шавкат Мирзиев, Түркмөнстандын атынан парламенттин төрагасы Акджа Нурбердыев келди
7 / 12
Ажолор экономика, соода, инфраструктура жана логистика маселелерин талкуулашты
8 / 12
Жолугушуу учуру
9 / 12
Сооронбай Жээнбеков жолугушууда Борбор Азиядагы элдин турмушун жакшыртуу үчүн аймактагы кызматташтыкты жакшы жолго коюу керектигин белгиледи.
10 / 12
Жээнбеков ошондой эле президенттерди үчүнчү Дүйнөлүк көчмөн оюндарына жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларга чакырды
11 / 12
Ошол эле күнү Өзбекстандын Казакстандагы жылы салтанаттуу түрдө ачылды
12 / 12
Ага Нурсултан Назарбаев менен Шавкат Мирзиеёв баштаган аткаминерлер катышты