АКШда аялдарды байпак менен муунткан киши өлүм жазасына тартылды

67 жаштагы кылмышкерге өлүм жазасы ийне саюу менен ишке ашырылган
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Америкадагы Жоржия штатынын бийлиги бир нече аялдын өмүрүн алгандыгы үчүн түрмөдө отурган кишини өлүм жазасына тартты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

67 жаштагы кылмышкерге өлүм жазасы ийне саюу менен ишке ашырылды. Ал отурган түрмөдөн кылмышкер акыркы кечки тамагын ичүүдөн баш тарткандыгын айтып беришти.

Концерт учурунда жардыруу жасамакчы болгон өспүрүм өмүр бою соттолду
Карлтон Гэри мындай жазага 1986-жылы тартылган. Буга анын улгайган үч аялды зордуктоосу себеп болгон.

Прокурорлор Гэри бери дегенде тогуз аялга кол салып, бир катарларынын өмүрүн алган деп айтышкан. Бул кайгылуу окуя 1977-1978-жылдары Колумбус шаарында болгон.

Алардын көбү узун капрон байпак менен муунтулуп, алардын жетөө каза болгон.

Буга чейин Индияда да эки зордукчул кылмышы үчүн өлүм жазасына тартылган. Мониндер Сингх Пандхера менен анын жардамчысы Сурендер Колини 2005-2006-жылдар аралыгында 16 адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган.