Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев депутат болуп келди

Ал буга чейин депутаттык мандатын тапшырган Фархат Иминовдун ордуна келди
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. "Республика – Ата-Журт" партиясынан жаңы депутат кызматка кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды
Билдирүүгө ылайык, 15-мартта парламенттин жалпы жыйынында Марлен Маматалиев ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Аны төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Маматалиев буга чейин өз калоосу менен депутаттык мандатын тапшырган Фархат Иминовдун ордуна келди.