Ош: базардагы милиция бөлүмүнө өрт өчүрүүчүлөр кире алган жок. Машыгуунун сүрөттөрү

Өрт өчүрүү унаасы иретсиз соода түйүндөрүнөн өтө албай, чакырылган дарекке жетпей калган
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук базарында өрт өчүрүү боюнча машыгуу өткөрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиршти.

1 / 3
Ош шаарынын борбордук базарында өрт өчүрүү боюнча машыгуу өткөрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиршти
2 / 3
Машыгуунун максаты — өрт өчүрүүчүлөрдүн практикалык билим деңгээлин жогорулатуу жана өрт өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат
3 / 3
Быйылкы жылдын эсебинен базарда мындай машыгуу экинчи жолу өтүп жатат.

Машыгуунун максаты — өрт өчүрүүчүлөрдүн практикалык билим деңгээлин жогорулатуу жана өрт өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.

Күлгө айланган күркөлөр. "Ош" базардын өрттөн кийинки көрүнүшү
"Машыгуунун планы боюнча Ош шаарындагы борбордук базардын ортосунда жайгашкан Ак-Буура милиция бөлүмүндө өрт чыгат. Бул тууралуу кабар түшөөрү менен ӨКМдин №12, 13 өрткө каршы куткаруу бөлүктөн өрт өчүрүүчүлөр автоунаалар менен жөнөп кетишет. Бирок базардагы иретсиз жайгашкан соода түйүндөрүнөн өтүүгө мүмкүн болбой, аталган дарекке барууга тоскоолдуктар жаралып, өрт өчүрүүчү унаалар кырсык болгон жерге жетпей калды", — деп айтылат маалыматта.

Быйылкы жылдын эсебинен базарда мындай машыгуу экинчи жолу өтүп жатат. Ага карабай, базардагы өрт коопсуздугу боюнча талаптар аткарылбай келгени айтылат. Мындай машыгуулар ар квартал сайын пландын негизинде жана пландан тышкары өтүлүп турмакчы.