Казакстанда Гиннес рекорддор китебине кирүү үчүн чоң курак куралат

Алматыда курала турчу курак Гиннес китебине кирип калышы толук ыктымал
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Алматы шаарында өлкөдөгү эң чоң курак куралмакчы. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги акимиатка таянуу менен билдирди.

"Гиннес рекорддор китебине кирүү үчүн аракеттер жасалат. Курала турчу курактын көлөмү 25,5 миң чарчы метр болот. Уюштуруучулар тийиштүү сертификат берилгенден кийин курактын бөлүктөрү өлкө аймагында боло турчу түрдүү көргөзмөлөргө коюларын айтышты", — делет маалыматта.

Бешбармак менен чучукту Гиннеске каттоо боюнча жооп качан келет
Куракты тигүү 22-мартта башталып, сентябрда Алматы шаарынын күнүнө карата бүткөрүлүп элдин сынына коюлат.

Жаңы рекорд жасоо үчүн бардык казакстандыктарга эшик ачык. Каалоочулар курактын бөлүктөрүн шаардагы 25 китепканага алып келсе болот.

Курак боюнча буга чейинки рекорд 2000-жылы коюлган. Португалиянын Порто шаарында көлөмү 25 100 чарчы метр болгон курак куралган.

Кыргызстанда дагы Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн аракеттер көрүлүп, 11-мартта 1 тонна 464 килограмм беш бармак жана 117 метр чучук жасалган.