БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Денесинен 16 кийим тигүүчү ийне табылган ымыркай ооруканадан чыгарылганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.
11 айлык Азизбек Абдумажитов январь айынын ортосунда ооруканага түшкөн. Рентгенге тартууда денесинен 16 кийим тигүүчү ийне табылган. Мындан улам ымыркайга чукул арада операция жасалып 13 ийнени алып чыгышкан. Операция тогуз саатка созулуп, андан соң бөбөк бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Ал дагы бир операцияны азырынча көтөрө албай турганын айткан дарыгерлер калган үч ийне кийин алынарын билдиришкен.
“Азизбек — биздин үй-бүлөдө жалгыз бала. Аны баш кошконубузга беш жыл өткөндөн кийин жарыкка алып келгенбиз. Баарыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем! Эми уулумдун дени сак, аны көкүрөгүмө кысып кучактай алам. Дарыгерлерге чоң рахмат! Баламды аман сактап калуу үчүн эки ай бою болгон күчүн, билимин жумшап жатышты”, — деп айтты ымыркайдын апасы Шахсонам Балтабаева.
Фергана облусунун Ташлак районунун прокуратурасы окуяны тергөө иштерин жүргөзүүдө.