Радио

Эргешов: былтыр эле салынган жолдор быйыл жараксыз болууда

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов Бишкектеги жолдордун 58 пайызын оңдоп же кайра салуу керектигин айтты
Sputnik
Эргешов: былтыр эле салынган жолдор быйыл жараксыз болууда

Былтыр эле салынган жолдор быйыл жараксыз болууда. Бул тууралуу Алмаз Эргешов парламенттик жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаар ичиндеги жолдор балмуздак эригендей эле кар менен кошо эрип жатат.

"Биз былтыр салынган жолдорду эле кайра оңдоп коюп жатабыз. Айта кетсем, Донецкий, Күреңкеев, Валиханов жана Фрунзе көчөлөрү жаңы эле салынган болчу, бирок бүгүнкү күндө көп жерин кайра оңдоп-түзөөгө туура келүүдө. Болбосо бул жолдордун жаңыланганына бир гана жыл болду. Айрым тротуарлар аягына чыкпай токтоп калган. Мындан сырткары, шаардын чыгыш жагындагы жолдор да жараксыз. Ал эми жаңы конуштардагы жолдор жөнүндө сөз жок. Аларды асфальттоо азырынча планда да жок", — деди Эргешов.

Депутат шаар тургандарынын жашоосу жол менен тыгыз байланышта экендигин кошумчалады.