Бишкектеги таксисттердин телефонун уурдап жүргөн деп шектелген кыз кармалды

Кармалган кыздын уурулукка он жолу барганы айтылууда
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы таксисттердин телефонун уурдап жүргөн деген шек менен 23 жаштагы кыз кармалганын шаардык милициядан билдиришти.

Задержанная по подозрению в краже мобильных телефонов у водителей столичных такси

Кармалган кыздын он жолу ушундай кадамга барганы айтылууда.

Бишкектин Ленин райондук милициясына такси кызматынын айдоочусу кайрылып, телефонун уурдап кеткен кызга чара көрүүнү суранган.

Бишкекте дүкөндөн телефон уурдаган кыз видеого түшүп калган
Жабыркаган айдоочунун айтымында, 5-февралда кыз такси чакырып, шаардагы базарлардын бирине алып барууну өтүнгөн. Жолдон тааныштарына чалам деп кишинин телефонун алган. Жолдо айдоочуну милиция токтотуп, ал түшүп барып жолугуп келгенче кыз телефонду алып машинадан түшүп качып кеткен.

Ушундай эле окуяга туш болгон башка таксисттер дагы милицияга кайрылган.

Ленин райондук милициясы аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам издөө аракеттеринин жыйынтыгында, 14-мартта шектүү катары 23 жаштагы кыз кармалган. Ал ушундай беш фактыга тиешеси бар деп шектелүүдө. Ал эми уурулук боюнча он фактыга катыштыгы бардыгы айтылууда.

Кармалган кыз убактылуу тергөө жайына киргизилди.

Эгер жогорудагы кыздан жабыркагандар болсо 102 номерине, же 0 (312) 35-29-47; 0(553) 102-113; 0(552) 102-522 номерлерине кайрылуусу керектигин милиция эскертти.