Түрмөдөгү кургак учукту дарылоо шарттары айрым ооруканалардан бир кыйла жогору. Бул тууралуу Абдуллаат Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өмүр бою эркинен ажыратылган жарандарга да атайын шарттар түзүлгөн.
"Эл аралык уюмдардын жардамы менен бүгүнкү күндө түрмөдөгү кургак учук менен ооруган жарандарга катардагы ооруканаларга караганда бир топ жакшы шарттар түзүлгөн. Алардын укуктары басмырланбасын деп маал-маалы менен ар кандай уюмдар көңүл буруп турат. Кыргызстандагы №27 жана №31 түрмө кургак учук менен ооругандар үчүн атайын адистештирилген. Абактардагы аталган дарт менен ооругандардын баары ушул эки колонияга бөлүштүрүлөт", — деди Кадыров.
Жетекчи бул ооруга чалдыккандардын өмүрү кыска болорун кошумчалады.