Өкмөттүн ЖМКларды каттоого алышы туура эмес. Бул тууралуу Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, ЖК "Массалык маалымат каражаттары" жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, добуш берүүгө жөнөттү.
"Массалык маалымат каражаттарын каттоону өкмөткө өткөрүп берүү туура эмес. Анткени өкмөт оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарын каттабай коет. Эмне үчүн Юстиция министрлиги бул ыйгарым укукту өкмөткө өткөрүп берүүдө? Ушул жерде бир мандем бар", — деди Момобеков.
Ал эми Юстиция министри эч кандай мандем жок экендигин айтып, мыйзам долбоорунда ЖМКларды каттоону жеңилдетүү каралгандыгын кошумчалады.