Лейлектеги "Достук" чек ара бекетинин башчысы алты жылга шарттуу кесилди

Чек ара бекетинин башчысына 33 миң сомду өз кызыкчылыгына короткон деген айып тагылган
Sputnik

БАТКЕН, 14-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы "Достук" чек ара бекетинин башчысы, майор А.Э. мамлекетке 33 миң сом зыян келтиргендиги үчүн алты жылга шарттуу кесилди. Бул тууралуу Баткен горнизондук аскер прокуратурасынан билдиришти.

Ага ылайык, майорду эркинен ажыратуу түрүндөгү белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, бир жыл сыноо мөөнөтү берилди.

"А.Э. "Достук" чек ара бекетинин башчысы катары чек ара тартибин бузган адамдарга 3000 сом өлчөмүндө айып пул салууга укуктуу болгон. Андан топтолгон 33 миң сомду кызматтык бөлмөсүндөгү темир сейфинде сактап, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган", — деп айтылат маалыматта.

"Достук" чек ара бекети Тажикстан менен чектеш Лейлек районундагы Достук айылында жайгашкан.