Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочулары окшош форма киет. Сүрөт

Айдоочуларды тийиштүү форма менен камсыздоо авто ишканалардын жетекчилеринин бардыгына тапшырылды
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы коомдук транспорттун айдоочулары бирдей форма киерин шаардык Транспорт башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, айдоочуларга фирманын аты жана Бишкек шаарынын символу түшүрүлгөн күрмө берилет. 

Единая форма для водителей маршрутки в Бишкеке

Форманы биринчилерден болуп №: 100, 101, 147, 192, 193 маршруттук таксилердин айдоочулары кийди. Ошондой эле троллейбус менен автобустардын айдоочуларына да жыл мезгиле жараша форма берүү каралууда. 

Единая форма для водителей маршрутки в Бишкеке

"Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун айдоочуларын тийиштүү форма менен камсыздоо авто ишканалардын жетекчилеринин бардыгына тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары айдоочулардын тышкы көрүнүшүн көзөмөлгө алуу тапшырылды. Ага ылайык, кийимдер консервативдик-классикалык түрдө болушу кажет жана ишке спорттук күрмөчөн жана спорттук бут кийимчен чыгууга жол берилбейт.