Бүгүн Бишкекте мыкты бешик ырларынын авторлору сыйланат

Аталган сынак 2017-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин созулуп, ага 47 катышуучудан 55 ыр келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бүгүн Борбор калаадагы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын чоӊ залында "Бешик ыры" республикалык сынагы жыйынтыкталат. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Аталган сынак 2017-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин созулуп, ага 47 катышуучудан 55 ыр келип түшкөн.

"Ырларды композитор Муратбек Бегалиев башында турган калыстар тобу дыкаттык менен кылдат карап чыгып, алардын ичинен 15 ырды мыкты деп табышкан", — деп билдиришти аталган фондудан.

Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусу мыкты деп тапкан 15 бешик ырды дискке жаздырып, жарыкка чыгарды.

Буга чейин колумнист Топчугүл Шайдуллаева бешик ырынын ордун, маанисин жана анын бөбөккө канчалык керек экендиги туурасында ой-толгоосун жазган.