Пазыловдун чемпиондук куру артка кайтарылабы? WEF президентинин түшүндүрмөсү

Турнирден кийин Ариет Бекишовдун достору беттешке баа берүүнү суранып, Россиядагы көз карандысыз спорт калыстарынын агенттигине билдирме жиберишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Мырзамидин Пазылов WEF уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг чейин) чемпиону бойдон калат. Бул тууралуу Кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эрегишкен эрендер, алышкан алптар. WEF турниринен сүрөт түрмөгү
Эске сала кетсек, 6-мартта Бишкекте кулатуу эр таймаш боюнча WEF Clobal 11 турнири өткөн. Анда кыргызстандык мушкерлер Ариет Бекишов менен Мырзамидин Пазылов чемпиондук кур үчүн кармашкан. Калыстар тобу беш раунддун жыйынтыгы менен 2:0 эсебинде жеңишти Пазыловго ыйгарган

Турнирден соң Ариет Бекишовдун достору беттешке баа берүүнү суранып, Россиядагы көз карандысыз спорт калыстарынын агенттигине билдирме жиберишкен. Кийин агенттиктин жетекчиси Игорь Демидов мушкерлер кармашта тең эсеп менен чыкканын жар салган

Ал эми WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышев беттештин жыйынтыгы өзгөртүлбөй турганын маалымдады.

"Демидовдун айтканы жөн гана пикир болуп эсептелинет. Биз Россиядагы башка дагы көз карандысыз калыстар тобуна кайрылганыбызда беттештин чечими туура болгондугун айтышты. Кечээ федерация жетекчилери Пазылов менен Бекишовдун беттешин караган жыйын өткөрүп, натыйжада Пазылов чемпион бойдон калды," — деди Кыдырмышев.

Ал ошондой эле WEF уюмунун жыйынына катышкан Бекишов өзү дагы Пазыловду жеңүүчү деп айтканын кошумчалады.