"Электр станциялары" ишканасы 14 500 долларлык видеокамералар боюнча үн катты

Ишкананын маалыматына караганда, 128 видеокамеранын ар биринин баасы 300 доллардан гана айланат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Интернет айдыңындагы Бишкек ТЭЦи үчүн алынган видеокамералардын ар биринин баасы 14 500 доллар деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы "Электр станциялары" ААКсына шилтеме берип Facebook тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.

Буга чейин Бишкек ТЭЦинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу интернет булактарынын бирине 14 500 долларлык видеокаттагычтар жөнөкөй эле камералар экенин айтып берген. 

Ал эми "Электр станциялары" ишканасы тараткан маалыматына караганда, алынган жалпы 128 видеокамеранын ар биринин баасы 300 доллардан гана айланат.

"Жалпы жонунан 128 даана камера 38 400 долларга алынган. Демек ар бир камеранын баасы 300 долларды түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 128 камера менен кошо программалык камсыздоону орнотуу, кабелдик байланыш, серверлерди жайгаштыруу, монтаждык иштер жана дагы эки атайын камераларды орнотууга алгач жалпы 1 миллион 738 миң 503 доллар каралган. Маалыматта анын 1 миллион 94 миң 951 доллары гана корогону белгиленген.